super.kg logo

BAKAI грек-рим күрөшү боюнча 2026-жылкы Азия чемпиондугунун жеңүүчүлөрүн куттуктады

 

BAKAI Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мыкты көрсөткүчтөрүн белгилеп, жеңүүчүлөргө премиалдык карталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Курама команданын көрсөткөн беттештери чемпиондуктун эң көрүнүктүү окуяларынын бири болду. 2026-жылдын Азия чемпиондору болуп BAKAI’дын амбассадору, өлкөнүн эң титулдуу балбандарынын бири Акжол Махмудов, ошондой эле Жанышов Асан, Бейшекеев Раззак жана Афтандил Таалайбек уулу аталды. Алардын жеңиштери команданын жалпы жыйынтыгына олуттуу салым кошуп, Кыргызстандын эл аралык спорттук аренадагы позициясын дагы да бекемдеди.

Спортчулардын жетишкендиктерин баалап, BAKAI аларга Visa Infinite Metal премиалдык карталарын жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Visa Infinite Metal картасы – Кыргызстанда алгачкылардан болуп чыгарылган уникалдуу продукт. Металл корпусу, премиалдык артыкчылыктары жана жогорку деңгээлдеги тейлөөсү аны өлкө рыногунда кайталанбаган өзгөчө сунуш катары көрсөтөт.

Биз үчүн өлкөгө жеңиш алып келген жана миллиондогон адамдарга дем берген инсандарды колдоо маанилүү. Бул спортчулар – чыныгы баатырлар жана биз алардын жетишкендиктерин сөз менен гана эмес, реалдуу мүмкүнчүлүктөр менен да белгилеп жатканыбызга сыймыктанабыз”,– деп белгилешти BAKAI’дын өкүлдөрү.

Улуттук спортту колдоо банктын стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. BAKAI спорт маданиятын өнүктүрүүгө туруктуу инвестиция салып, спортчуларды колдоп, сергек жашоо образын жайылтууга багытталган долбоорлорду ишке ашырып келет.

BAKAI Кыргызстанды эл аралык аренада даңазалаган инсандарды колдоо менен катар, өсүү жана жаңы жетишкендиктер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: