Борбор калаада дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт
Бишкек шаарында алдыдагы дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу 17-апрелде Айыл чарба министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, жарманкелер Турдакун Усубалиев атындагы аянтта, Исхак Раззаков жана Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакта, Эркиндик бульварында өткөрүлөт. Ага жергиликтүү өндүрүүчүлөр, дыйкандар жана кол өнөрчүлөр катышат.
Катышуучулар үчүн талаптар:
- Сунушталган продукция сапаттуу жана гигиеналык талаптарга жооп бериши керек;
- Баалар базар баасынан төмөн деңгээлде белгилениши зарыл;
- Райондук агрардык башкармалыктан тастыктоочу документтин болушу милдеттүү.
Белгилей кетсек ,өлкө аймагында азык-түлүк жарманкелери 2026-жылдын июнь айына чейин өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















