super.kg logo

Кыргызстан менен Сирия кызматташтыкты талкуулады

 

Анталия дипломатиялык форумунун алкагында президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев Сириянын президенти Ахмед Хусейн аш-Шаара менен жолугушуу өткөрдү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечегин, ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл учурдагы коркунучтарга каршы биргелешип аракеттенүү жана күч-аракеттерди координациялоо зарылдыгына бурулду.

Тараптар гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү маселелерине да токтолушту.

Азамат Кадыралиев Кыргызстан менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды эки тараптуу жана көп тараптуу форматта бекемдөө маанилүү экенин белгиледи.

Жолугушуунун алкагында кыргыз тарап БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу боюнча алдыдагы шайлоодо өлкөнүн талапкерлигин колдоону өтүндү.

Өз кезегинде Ахмед Хусейн аш-Шаара Кыргызстанды колдоого даяр экенин билдирип, тиешелүү чечим расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүлөрүн айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: