Бишкекте "Жаш таланттар – 2026" шаардык конкурсунун гала-концерти өттү
Бишкек шаарында "Жаш таланттар – 2026" шаардык конкурсунун гала-концерти өтүп, ал балдардын музыкалык билим берүү тармагындагы ири чыгармачылык долбоордун жыйынтыгы болду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалым болгондой, конкурс борбор калаадагы балдар искусство мектептеринин окуучуларын "Фортепиано ансамбли", "Камердик ансамбль" жана "Чоң ансамблдер" номинациялары боюнча бириктирди.
Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышып, жаш таланттарды колдоонун маанисин белгилеп, маданиятты өнүктүрүү жана балдардын чыгармачылык өсүшүнө шарт түзүү шаардык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Гала-концертте I, II жана III даражадагы дипломдор, ошондой эле Гран-при тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:39
2026-05-29
14:30
2026-05-29
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















