super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан табигый кырсыктарга каршы жаңы каржылоо программасын ратификациялады

 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкы ортосунда табигый кырсыктарга каршы жардам көрсөтүү боюнча көп деңгээлдүү каржылоо программасы тууралуу макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

Маалыматка ылайык, документ өзгөчө кырдаалдар учурунда гранттык каржылоону, табигый кырсыктарга байланыштуу облигацияларды чыгарууну, ошондой эле тобокелчиликтердин бир бөлүгүн Министрлер кабинетине өткөрүп берүү механизмин камтыйт.

Тактап айтканда, мыйзам 2025-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган үч документти ратификациялайт. Алар:
- "Өзгөчө кырдаалдар учурунда каржылоо" компоненти боюнча гранттык макулдашуу,
- "Табигый кырсыктарга байланыштуу облигацияларды чыгаруу" компоненти боюнча гранттык макулдашуу,
- табигый кырсыктар учурунда тобокелчиликтердин бир бөлүгүн Министрлер кабинетине өткөрүп берүү боюнча кызматташтык каты.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Финансы министрлиги бардык ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылганы тууралуу Азия өнүктүрүү банкына расмий түрдө маалымдоого тийиш.

Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 9-апрелде кабыл алынып, расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: