super.kg logo

Белгилүү казак акыны Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнө салды

 

Бүгүн, 20-апрелде казак жана кыргыз элдерине бирдей таандык улуу акын, жазуучу жана коомдук ишмер Мухтар Шаханов 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги расмий билдирди.

Мухтар Шаханов 1942-жылдын 2-июлунда азыркы Түркстан облусуна караштуу аймакта жарык дүйнөгө келген. Ал СССР Жогорку Советинин эл депутаты болуп шайланып, кийин Казакстандын парламентинде эмгектенген.

Ошондой эле Кыргызстанда элчи кызматын аркалап, эки өлкөнүн достук алакасын чыңдоого зор салым кошкон. Бишкек шаары ага ардактуу жаран наамын ыйгарган.

Шаханов 1996-жылы Казакстандын Эл жазуучусу аталса, 1994-жылы ага Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: