super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров бир катар элчилердин Ишеним грамоталарын кабыл алды

 
Бүгүн, 21-апрелде президент Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Ишеним грамоталарын Доминикан элчиси Алехандро Ариас Сарсуэла, Албаниянын элчиси Блерта Кадзадеж, Индонезиянын элчиси Сити Рухайни Жухятин, Сомалинин элчиси Фатхудин Али Мохамед жана Палестинанын элчиси доктор Уайл Ахмед Батрехи тапшырышты.

Өз кезегинде мамлекет башчы: “Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы экономиканы өнүктүрүү, элдин социалдык абалын чыңдоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана тынчтыкты жайылтуу сыяктуу маанилүү багыттарда реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда. Өзгөчө экономика жаатында мамлекетибиз масштабдуу трансформацияны баштан өткөрүүдө”,- деп билдирди.
Президент Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун жана азыркы тапта үчүнчү өлкөлөрдүн колдоосу абдан маанилүү экенин эске салды.

“Кыргыз Республикасы дүйнө жүзүнө ачык, бардык өлкөлөр менен тең укуктуу кызматташууга, зарыл болсо өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана инвестиция, коопсуздук, соода-экономика, илим, технология багыттарында өз ара пайдалуу кызматташтыкты жүргүзүүгө даяр”,
- деп белгиледи өлкө башчысы .
Буга улай элчилер өз өлкөлөрүнүн лидерлеринин саламын айтышып жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн күч-аракет жумшоого даяр экендигин билдиришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: