Сузактагы окуя: Мугалимге ата-энелердин доосу жок
Сузактагы окуучуларга кол көтөргөн мугалимдин окуясы боюнча Агартуу министрлиги үн катты.Маалым болгондой, ур-токмокко алынган окуучулардын ата-энелеринин мугалимге карата доосу жок.
"Учурда бул окуя боюнча райондук ички иштер органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда мектепте окуучулар менен социалдык педагог тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат",- деп белгиленди маалыматта.
Айта кетсек, Сузактага №22 мектепте башталгыч класстын окуучуларына кол көтөргөн мугалимдин окуясы 25-мартта орун алган. Тийиштүү видео коомчулукка тарап, мугалим 15-апрелде кызматынан кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















