super.kg logo

Компаньон Банкы Кыргызстанда биринчилерден болуп Visa Direct for Account and Wallet эл аралык которууларын ишке киргизүүдө

 

Кыргызстандагы көптөгөн үй-бүлөлөр жана ишкерлер үчүн эл аралык акча которуулар жөн гана каржылык операция эмес, бул колдоо жана өнүгүү куралы. Кээ бирлер үчүн — аралыкка карабастан жакындары менен байланышта болуу мүмкүнчүлүгү.

Башкалар үчүн — өнөктөштөр менен өз убагында эсептешүү, жеткирүүлөрдү төлөө жана бизнести токтобой жүргүзүү. Бул муктаждыкка жооп катары, Банк Компаньон Кыргызстанда биринчи болуп заманбап эл аралык которуу сервистерин — Visa Direct for Account (VDA) жана Visa Direct for Wallet (VDW) ишке киргизди. Бул чечимдер акчаны чет өлкөгө мурдагы ыкмаларга караганда тез жана ыңгайлуу жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

Жаңы сервис аркылуу акча жөнөтсө болот:

• эсептен банктык эсепке
• эсептен электрондук капчыкка

Которуу жөнөкөй: кардар банк бөлүмүнө кайрылып, алуучунун маалыматын берет, жана каражат түздөн-түз эсептен жөнөтүлөт. Акча, адатта, багытына жараша бир күн ичинде түшөт.

Сервис төмөнкү бөлүмдөрдө жеткиликтүү:

• Борбордук филиал (Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 170/1);
• Бишкек филиалы (Бишкек ш., Киев көч., 248А);
• «Ай-Пери» филиалы (Бишкек ш., Чүй пр., 158);
• Ош филиалы (Ош ш., Курманжан Датка көч., 224А/1);
• «Ош-Датка» филиалы (Ош ш., А. Масалиев көч., н/ж);
• «Манас» филиалы (Манас ш., Токтогул көч., 40).

Артыкчылыктары:

• жогорку ылдамдык
• кең география
• жеткиликтүү комиссиялар
• эсепке жана электрондук капчыкка жөнөтүү мүмкүнчүлүгү
• Visa эл аралык инфраструктурасынын ишенимдүүлүгү
• каражат алуучунун валютасында түшөт

Которуулар АКШ, Азия, Жакынкы Чыгыш жана башка өлкөлөргө жеткиликтүү.

Кенен маалымат: 88-00 | WhatsApp: +996 770 33 88 00






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: