super.kg logo

Гүлназ Чыныбек кызы: "Moriox Kids тобу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүүгө барат" (видео)

 

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Moriox Kids тобу быйыл Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн келерин билдирди. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бөлүшүп, видео жарыялады.

Анда ырчы Борбордук Азия боюнча алгачкы жолу ушундай маданий көпүрөгө себепкер болуп жатканына кубанып турганын белгилеген.

"Биз африкалык балдарга келүү алдында Маданият министрлигинен колдоо сураганбыз. Алар бизге кубанычтуу кабар айтып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бийчи балдарды конок катары чакырууну сунуштады. Биз учурда аталган топтун жетекчилери менен келишим түздүк, буюрса, ушул күздө Moriox Kids тобу Кыргызстанга барат. Андан кийин биз өзүбүздүн концертибизди тартуулайбыз",- деген ырчы айым.

Белгилей кетсек, учурда Гүлназ Чыныбек кызы Руандада африкалык бийчи балдар менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Бул жолугушуулар маданий байланыштарды чыңдоого багытталган. Ошону менен катар ырчы айым аталган топтун балдары менен "Аттиң ай" жана башка ырларына клип тартты.







Гүлназ Чыныбек кызы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: