Кытайдан келген жүктөн балык уулоочу тор табылды (видео)
Кытайдан алынып келген жүктөн балык уулоочу тор аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жүк товардык коштомо документтеринде эмерек отургучтары, эмерек бекитүүчү фурнитура жана идиш-аяк деп көрсөтүлгөн. Бирок бажылык тыкыр кароонун жүрүшүндө жалпы салмагы 18 килограммды түзгөн эки комплект балык уулоочу тор табылган.
Буга ылайык, өлкө мыйзамдарынын негизинде жоопкерчилик чаралары көрүлөт, ал эми табылган торлор жок кылынат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда синтетикалык балык уулоочу торлорду жана электр кайырмактарды ташып кирүүгө, өндүрүүгө жана пайдаланууга тыюу салынган.
Кытайдан келген жүктөн балык уулоочу тор аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















