Алайдагы мектепте мугалимдер менен ата-энелердин жаңжалы тастыкталды
Агартуу министрлиги Оштун Алай районунун Мурдаш айылындагы мектепте ата-энелер менен мугалимдердин ортосунда болгон түшүнбөстүктөр тууралуу маалымат берди.Министрлик окуя 2 күн мурун, тагыраагы, 22-апрелде орун алганын белгиледи. Бул боюнча комиссия текшерүү жүргүзгөн. Анда 21-апрель күнү кечки саат 20:00–21:00 чамасында 9–10-класстын окуучулары айыл сыртында пикир келишпестиктерин чечүү максатында жолугушуу уюштурууну көздөшкөнү аныкталган. Мугалимдер окуучуларды өз учурунда үйлөрүнө таркатууга жетишишкен.
Мугалимдер ошол учурда окуучуларга анча-мынча күч колдонушкан. Эртеси ата-энелер нааразычылыгын билдирип келишкен. Жыйынтыгында аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана бир мугалимге сөгүш берилген.
Буга чейин социалдык тармактарда ата-энелер менен мугалимдердин ортосунда чыккан жаңжал чагылдырылган видео тараган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















