super.kg logo

Таласта 500 катышуучуну чогулткан “Talas Connect” бизнес форуму өттү

 

Бүгүн, 25-апрелде Талас шаарында аймактагы ишкердик чөйрөнү жандандырууга багытталган ири иш-чара - “TALAS CONNECT” бизнес форуму болуп өттү. Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Талас бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, башкы демөөрчү катары “Альянс Алтын” компаниясы колдоо көрсөттү.

Форумга облус аймагынан жана өлкөнүн башка аймактарынан келген 500гө жакын ишкер, бизнес-тренерлер, министрликтердин өкүлдөрү, банк секторунун адистери жана жаш стартап ээлери катышып, ишкердикти өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелерди кеңири талкуулашты.

Иш-чаранын ачылышында Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев сөз сүйлөп, аймакта туризм, кайра иштетүү өнөр жайы жана өндүрүш секторунда жаңы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик инвесторлор менен ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр.

Форумдун өзгөчөлүгү теория менен практиканын айкалышында болду. Белгилүү бизнес-насаатчы Анатолий Хуан баштаган тажрыйбалуу тренерлер катышуучуларга ийгиликтүү бизнес жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары, команда түзүү, сатуу стратегиялары жана мотивация тууралуу пайдалуу кеңештерин беришти.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жана каржы мекемелеринин өкүлдөрү ишкерлер менен түз форматта жолугуп, салык системасы, жеңилдетилген насыялар, мамлекеттик колдоо программалары, экспорт мүмкүнчүлүктөрү боюнча суроолорго жооп беришти.

Форумдун алкагында атайын көргөзмө аянтчалары, жолугушуулар жана тажрыйба алмашуу сессиялары уюштурулуп, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө кеңири шарт түзүлдү. Катышуучулар мындай форматтагы жолугушуулар аймактагы бизнес чөйрө үчүн абдан маанилүү экенин белгилешти. Ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнүн айтымында, “TALAS CONNECT” бул жөн гана форум эмес, Таластын экономикалык жаңы демине айланган аянтча болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: