super.kg logo
  Саясат  

"100 эмес, 1000 пайыз калп". Садыр Жапаров агасы тууралуу кептерди төгүндөдү

 

Бүгүн, 27-апрелде өлкө башчысы Садыр Жапаров Кактус медиага берген маегинде агасы Сабыр Жапаров тууралуу айтылып жаткан кептерге да токтолду.

Ал өз маегинде агасынын социалдык тармактарда алтын менен түшкөн сүрөттөрү жана "Кумтөр" ишканасынын ишмердүүлүгүнө катыштыгы боюнча айтылган дооматтарга жооп берди.

"Бул 100 эмес, 1000 пайыз калп. Анын бир гана ойлонбой жасаган катасы - Түркияга барып, алтын иштетүүчү заводду көрүп, колуна алтын кармап сүрөткө түшкөнү. Бул боюнча мен мурда толук түшүндүрмө бергем, кайра кайталабайм. Эгер ал чындап эле Кыргызстандын алтынын чыгарып кетсе, анда ушундай сүрөткө түшмөк беле? Жалпысынан адам өзүнүн жанындагылардан этият болушу керек. Ошондо анын айланасындагы адамдар "сизди сүрөткө тарталы" деп сунуш кылып, телефондоруна тартып алышып, кийин ал сүрөттөрдү сатып жиберишкен",- деди өлкө башчысы.

Ал маегинде "Кумтөр" катуу көзөмөлдөгү объект экенин белгилеп, 2021-жылдан тартып видеокөзөмөл системи массалык түрдө киргенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: