Ош-Кашкар түз аба каттамы ишке киргизилди (видео)
Бүгүн, 28-апрелден тарта Ош – Кашкар – Ош багыты боюнча түз авиакаттам расмий түрдө ачылып, алгачкы каттамдар аткарыла баштады.
Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, жаңы каттам аптанын шейшемби күндөрү Ош эл аралык аэропорту аркылуу ишке ашырылат. Учуу кызматын Кытайдын Chengdu Airlines авиакомпаниясы камсыздайт.
"Бул багыт калаа үчүн стратегиялык мааниге ээ. Жаңы авиакаттам Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдап, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Айрыкча, Кашкар менен түз байланыш соода жүгүртүүнү активдештирет",- деп билдирген шаар мэри Жанар Акаев.
Кашкар - Кытайдын батышындагы ири соода жана логистикалык борборлордун бири болуп саналат.
Ош – Кашкар түз аба каттамы ишке кирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















