Сентябрдан тарта WhatsApp тиркемеси айрым телефондордо иштебейт
WhatsApp тиркемеси ушул жылдын сентябрь айынан тарта айрым телефондордо иштебейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Компаниянын маалыматына караганда, бул чечим Android 5.0 жана 5.1 версиясында иштеген эски смартфондорго тиешелүү. Мындай кадам коопсуздукту жогорулатуу жана тиркеменин иштөө ылдамдыгын камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Аталган версиядагы телефондор көбүнчө Индия, Бразилия, Пакистан, Түштүк-Чыгыш Азия жана Африка аймактарында колдонулат. WhatsApp эски версияда телефон колдонгон колдонуучуларга алдын ала эскертүүлөрдү берип, тиркемедеги билдирүүлөрүн сактап алууну сунуштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:36
2026-08-05
12:49
2026-08-05
10:30
2026-08-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















