super.kg logo
  Саясат  

ИИМге суракка барган Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулуна айыптары угузулганы айтылууда (видео)

 

ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка барган УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-депутат Курманкул Зулушев жана парламенттин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна айыптары угузулду. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров өзүнүн соцтармактагы баракчасынан билдирди.

Жактоочунун айтымында, аларга "Бийликти күч менен басып алуу" беренесинин негизинде айып угузулуп, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил каты менен бошотулду.

ИИМ азырынча расмий маалымат бере элек.

Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбеков кармалышкан.

Парламент төрагасы Марлен Маматалиев "75 адамдын каты" Жогорку Кеңешке кантип киргизилгенин айтып берген.

Мандатынан кол жуугандар кимдер? Толук шилтемеден окуңуз.






ИИМге суракка барган Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулуна айыптары угузулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: