Депутат Гүлчөгө жардам сурап, өкмөт башчыдан кырдаалды көзөмөлгө алууну өтүндү
Бүгүн, 29-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевден өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген Гүлчө шаарындагы абалды өз көзөмөлүнө алууну өтүндү.
Ал калаага дагы кошумча күчтөрдү жөнөтүү керектигин айтты.
"Жергиликтүү бийлик, ӨКМ кызматкерлери болгон аракеттерин жумшап жатышат. Бирок ал дагы жетишсиз",- деген эл өкүлү парламент төрагасын дагы маселелени жеке көзөмөлүнө алууга чакырды.
Депутат Гүлчөгө жардам сурап, өкмөт башчыдан көзөмөлүнө алууну өтүндү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















