Ошто 5-кабаттын балконуна түшүп кеткен бала куткарылды
Бүгүн, 29-апрелде Ош шаарында куткаруучулар көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан 5-кабаттын балконуна түшүп кеткен 11 жашар баланы куткарышты. Бул тууралуу ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынан билдиришти.Берилген маалыматка ылайык, 5-кабаттагы батирде эч ким жашабагандыктан, бала бөлмө ичинен бекилип калган. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, баланы балкондон алып чыгышты.
Куткарылган бала ата-энесине аман-эсен өткөрүлүп берилди. Учурда абалы жакшы.
Министрлик ата-энелерди этият болууга жана балдарды кароосуз калтырбоого чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















