Мамлекетке алынган мүлктөр жөнүндө маалымат айтылды
Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Замирбек Кененбаев акыркы жылдары мыйзамсыз менчиктештирилген делген 1488 мүлк кайра мамлекетке алынганын билдирди.
Анын айтымында, кайтарылган мүлктөрдөн 221и сатылса, 1048и мамлекеттик мекемелерге берилип, 219 мүлк агенттиктин карамагында турат.
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанчыбек Самаков мамлекетке алынган мүлктөр тууралуу элге ачык маалымат берилип турушу керектигин белгиледи.
"Эмнени мыйзамдаштырып, эмнени алып жатасыңар, кайсы мүлктү айыл өкмөттөргө берип жатасыңар? Бул боюнча бир дагы маалымат жок. Эл муну такыр билбейт",- деди ал.
Мамлекетке алынган мүлктөр жөнүндө маалымат айтылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















