super.kg logo

Байланыш өнүгүү укугу катары: О! кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайт!

 

Бүгүн, 7-майда Кыргызстанда алысты жакындаткандардын– радио жана байланыш кызматкерлеринин кесиптик майрамы.

Технология укмуштуудай көрүнүшкө айланып калган 2026-жылда жашап жатабыз. Буга өлкөнү интернетке туташтырууда күнү-түну күзөткөн адамдардын кажыбас эмгеги турганын эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Байланыш технологиядан жогору. Бул керек учурда сизди кубандырган жакын адамыңыздын үнү, бул – тоо капчыгайындагы чукул кырдаалда куткаруу үчүн чакырык салган үн. Бул ар бир кыргызстандык үчүн бирдей мүмкүнчүлүк: бүгүнкү күндө алыскы айылдын тургуну да аралыктан билим ала алат, интернет аркылуу бизнести өнүктүрүп, райондун борборуна барбай туруп дароо төлөмдөрдү жүргүзө алат. Биз мунараларды гана куруп жаткан жокпуз, биз географиясына карабастан кеңири дүйнөгө эшиктерди ачып жатабыз.

Бул – тыныгууну билбеген кесип. О! түйүнүндөгүбайланышчы деген наам миңдеген адамдарды бириктирет. Алар - бийиктикте, катуу шамал менен иштеген куроочулар, 24/7 күн бою тармактын туруктуулугун көзөмөлдөгөн инженерлер, сатуучулар, иштеп чыгуучулар, консультанттар, операторлор жана башка көптөгөн адамдар. Бир нече жыл катары менен О! 99,8% калкты сапаттуу сигнал менен камсыз кылуу менен Кыргызстанда лидер бойдон калууда. Ар бирибиз өлкөбүздүн санариптик өнүгүүсүн ишке ашыруудагы татаал механизмдин бир бөлүгүбүз.

Урматтуу кесиптештер! Сиздердин үй-бүлөңүздөрдө дайыма жылуулук жана жайлуулук байырлап, кесиптик жолуңуздар ийгиликтүү ишке ашыруулар жана амбициялуу долбоорлор менен гана толуп турсун. Байланыш ар дайым ишенимдүү, ал эми жаңылыктар – жагымдуу болсун!

Байланыш күнү кут болсун! Сиздин О! Командаңыз.

«НУР Телеком» ЖЧКсы, КР МТжБМК алдындагы МБА № 16-0062-КР, № 16-0033-КР лиц., 06.12.2016-ж.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: