super.kg logo

Кыргызстанда “100 гектар” экологиялык долбоорунун 5 жылдык юбилейине карата көчөт отургузуу акциясы өттү

 

Siberian Wellness компаниясынын “100 гектар” аттуу эл аралык экологиялык долбоору Кыргызстанда бешинчи жыл катары менен ишке ашырылып, 2026-жылы юбилейлик этапка чыкты.

Долбоордун максаты – токой экосистемаларын калыбына келтирүү, жашыл аймактарды көбөйтүү жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү. Иш-чаралар “Мир вокруг тебя” фонду аркылуу жүргүзүлүп келет.

2021-жылдан бери Кыргызстанда 4 ири көчөт отургузуу акциясы уюштурулган:
— 2021-жылы Бишкектеги Ынтымак паркына 30 карагай;
— 2022-жылы Ынтымак паркынын жогорку бөлүгүнө дагы 30 карагай;
— 2023-жылы Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой жээгине 20 карагай жана 25 кайың;
— 2024-жылы Чолпон-Атадагы Жусуп Абдрахманов атындагы паркка 20 көгүлтүр карагай, 10 тянь-шань карагайы жана 25 кайың отургузулган.

2026-жылдагы юбилейлик этап үч аймакта өткөрүлдү:
— 21-апрелде Ысык-Көл облусунун Тосор айылындагы жээк аймагына 600 көчөт (карагай, шырша, мажүрүм тал, кайың) отургузулду;
— 25-апрелде Ысык-Көл облусунун Советское айылында 3 гектар жерге 666 көчөт (карагай, шырша, клен, кайың) эгилген;
— 2-майда Чүй облусунун Сокулук айылындагы борбордук паркка 50 кайың көчөтү отургузулду.

Долбоордун уюштуруучулары белгилегендей, демилге жөн гана бир жолку акция эмес, узак мөөнөттүү экологиялык программа болуп саналат. Ар бир аймакта жергиликтүү шартка ылайык көчөттөр тандалып, жергиликтүү тургундар жана ыктыярчылар тартылууда.

“100 гектар" долбоору жашыл аймактарды көбөйтүү менен катар экологиялык аң-сезимди калыптандырууга, биотүрдүүлүктү сактоого жана коомчулукту жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөөгө багытталган.

Компания 2026-жылы өткөн көчөт отургузуу иш-чараларына активдүү катышып, экологиялык демилгелерди колдоону улантты. Жалпысынан быйылкы отургузуу иштерине компаниянын өнөктөштөрү жана ыктыярчылары болуп 115 адам катышты.

25-апрелде компания коомдук "Таза Карма" фондунун ири экологиялык демилгесине кошулуп, "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында токой отургузуу акциясына катышты. Бул өнөктүк Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, өлкөдө жашыл аймактарды көбөйтүүгө багытталган.

Акция Кызыл-Кыя ашуусунда, Жыргалан шахтасынын жанында, Ак-Суу районунда өттү. Жалпы аянты 35 гектардан ашык жерге болжол менен 20 миң көчөт отургузулду.

Компания өзүнүн өнөктөштөрү менен биргеликте 2,5-3 гектар аймакка 666 көчөт отургузуп, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой фондун көбөйтүү багытындагы иштерге салым кошту. Бул иш-чара келечек муундар үчүн жашыл мурас калтырууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп калды.

Толугураак маалымат:

Тел.: +996 225 39 00 00

Telegram: Siberian Wellness KG (https://t.me/siberianwellnesskgz)

Instagram: siberianwellness.kyrgyzstan (https://www.instagram.com/siberianwellness.kyrgyzstan/)

Сайт: https://kg.siberianhealth.com/ru/






Siberian Wellness компаниясынын көчөт отургузуу акциясы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: