super.kg logo

Министрлик курулуш объектисинде оодарылган автокран боюнча түшүндүрмө берди (видео)

 
Курулуш министрлиги Бишкек шаарындагы курулуш объектисинде оодарылган автокран боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, 7-майда Бишкек шаарынын Матыев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн курулушунда жүк көтөрүүчү техника – автокран өндүрүштүк жумуштарды аткарып жаткан учурда оодарылып кеткен.
"Окуя катталары менен адистер тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, кырсыктын келип чыгуу себептери такталды. Курулуш объектисинде техникалык коопсуздук талаптары толук сакталбай, электр зымдары үзүлгөнү аныкталды. Бактыга жараша, жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Кап Град Кейджи” ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, объектини толук калыбына келтирүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.





Министрлик курулуш объектисинде оодарылган автокран боюнча түшүндүрмө берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: