super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте президенттин катышуусунда Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

 
Бүгүн, 9-май президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө башчысы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскерди. Андан соң сөз сүйлөп, ардагерлерди жана ооруктун эмгекчилерин Жеңиш күнү менен куттуктады.

Президент Жеңиш күнү тарыхый, адеп-ахлактык жана руханий мааниге ээ экенин белгиледи. Бул күн — бир эле учурда жаркын майрам жана эскерүү күнү.

“Чындап келсе, биздин бүгүнкү бейпил турмуш жана эркин жашообуз – дал ошол муундун чексиз кайратынын жана ченемсиз каармандыгынын натыйжасы. Алардын эрдиги менен мекенчилдиги бизге тарыхый мурас, улуттук сыймык жана келечек муундар үчүн түбөлүк үлгү болуп калат”, - деди Садыр Жапаров.

Ушул эле жерде Бишкек гарнизонунун аскерлеринин өздүк курамынын салтанаттуу маршы да өттү.

Андан соң Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери менен жеке учурашып, аларга бекем ден соолук каалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: