super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги жаңы "Ош базарынын" курулушу кандай жүрүп жатат? Өлкө башчысы кабар алды

 

Бүгүн, 10-майда президент Садыр Жапаров борбор калаадагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон жаңы "Ош базарынын" курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысына келечектеги соода-базар комплексинин негизги көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилди. Объекттин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттан жана бир жер алдындагы деңгээлден турат.

Долбоор боюнча жалпысынан 10 миңден ашуун соода орду каралган. Ар бир блокто аянттар соода багыттарына жараша бөлүштүрүлөт. Бул комплекстин ишин тартипке келтирип, сатуучулар жана кардарлар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

"Ишкерлер үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Тактап айтканда, кампалар, унаа токтотуучу жайлар жана жылдын бардык мезгилинде үзгүлтүксүз соода жүргүзүүгө шарт түзгөн башка зарыл шарттар каралган. Курулуш иштерин ушул жылдын август айына чейин толук аяктоо пландалууда. Учурда борбор шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан "Ош базары" жаңы соода-базар комплекси толук бүткөндөн кийин гана көчүрүлөт. Бошогон аймакта эс алуу үчүн заманбап жашыл зона түзүү каралган", - деп белгиленген маалыматта.

Мындан тышкары жаңы автобекет менен "Ош базары" пайдаланууга берилгенден кийин, Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуулукту эске алуу менен коомдук транспорт каттамдары кайра каралып чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: