Марат Тагаев Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү болду
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев кызмат ордунан бошотулганын аталган министрликтен билдиришти.Ал өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.
Мекеменин маалыматына ылайык, Тагаев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ (Түрк маданиятынын эл аралык уюму) - түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм.
Эске салсак, Тагаев маданият министринин орун басары болуп 2023-жылдын февраль айында дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















