ШКУнун 25 жылдыгына карата күмүш тыйын жүгүртүүгө чыгарылды
Улуттук банк 11-майдан тартып "Шанхай Кызматташтык Уюмуна 25 жыл" күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ар бир коллекциялык тыйын акрил капсуласына салынып, сапаттык сертификаты менен бирге кутучага жайгаштырылган. Аны Улуттук банктын кассасынан 15 миң 350 сомго сатып алууга болот.
Шанхай Кызматташтык Уюму - 2001-жылы Кытайдын Шанхай шаарында негизделген. Ага Кыргызстан, Беларус, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрү кирет. Бул жылы уюм түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















