Жанарбек Акаев Алымбек датка аймагынын тургундары менен жолугушту
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тургундар тротуар куруу, канализация, коомдук транспорт жана коопсуздук маселелерин көтөрүштү. Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берип, айрым маселелер жеринде каралды.
Мындан тышкары Токтогул атындагы мектепке кошумча корпус куруу жана жаңы муниципалдык базарга каттаган маршруттарды көбөйтүү сунуштары айтылды. Мэр учурда шаарда 17 жаңы мектеп курулуп жатканын билдирди.
Ошондой эле шаарга жаңы аймактар кошулгандан кийин таза суу жана чаң маселеси дагы эле актуалдуу бойдон калып жатканын белгилеп, бул багытта иштер жүрүп жатканын айтты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















