Бишкекте Италиянын Bvlgari компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү
Бүгүн, 11-май күнү Бишкекте Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев италиялык “Bvlgari” зергерчилик компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда зергерчилик тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү, ата мекендик чийки затты кайра иштетүү жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле кыргызстандык адистерди Bvlgari Academy базасында окутуу жана эл аралык тажрыйбаларды өздөштүрүү боюнча сунуштар айтылды. Тараптар бул кызматташтык өлкөнүн зергерчилик тармагын өнүктүрүп, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырарын белгилешти.
Жыйынга Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, “Bvlgari” компаниясынын өкүлдөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Жолугушуунун соңунда компания өкүлдөрү Кыргызалтын ишканасынын фирмалык дүкөнүнө барып, алтын куймаларынын ассортименти менен таанышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















