Өлкөдө кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттер талкууланды
Бүгүн, 11-майда, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышып, бул багыттагы учурдагы тобокелдиктер жана жаңы чакырыктар талкууланды.
Кеңешмеде улуттук стратегиялык документтин долбоорун тез арада иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленип, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу маселеси көтөрүлдү.
Ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү тобокелдиктерге өзгөчө көңүл бурулуп, ФАТФ стандарттарын улуттук мыйзамдарга ыкчам киргизүү маселеси баса белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















