Бишкекте курулуш эрежелерин бузган компанияга чара көрүлдү
Бүгүн, 11-майда Бишкек шаарында курулуш объектисинен таштандыларды терезеден ыргытуу фактысы боюнча видео кайрылуу түшкөн.
Анын негизинде Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү Манас көчөсү 6, 6а дарегинде жайгашкан 5 кабаттуу клубдук турак жайдын курулуш объектисинде өттү.
Натыйжада, “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” талаптары жана “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдары бузулгандыгы аныкталып, “Интер Хаус Кейджи” ЖЧКсына административдик чара көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Компанияга мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди.
Мамлекеттик орган курулуш иштеринде коопсуздук эрежелерин, санитардык нормаларды жана шаар куруу талаптарын сактоо милдеттүү экенин эскертип, мындан ары да мыйзам бузууга жол берилбесин билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















