Бишкекте каракчылыкка шектүү жаран кармалды
Бишкек шаарында каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 12-майда Ленин райондук милициясынан билдиришти.Берилген маалыматка ылайык, 11-майда Ак-Ордо конушунда белгисиз жаран А.А. аттуу жаранды учтуу нерсе менен коркутуп, 2 миң сом акчасын жана Redmi 9A үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2004-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















