Депутат акыркы жаан Бишкектин абалын көрсөткөнүн айтты (видео)
Бүгүн, 13-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу акыркы күндөрү жааган жамгыр Бишкектин абалын көрсөтүп койгонун айтты.
Ал көчөлөрдү суу каптап, тургундар, унаалар суу толгон аң-чөнөктөргө түшүп кетишкен учурлар болгонун билдирди.
"Бизде жол куруу тармагында чоң көйгөй бар. Буга долбоорлоо иштеринде көп нерселер эске алынбай жатканы себеп. Андыктан бүгүнкүдөй көйгөй жаралбашы үчүн тез арада көңүл бурулушу керек. Катуу жааган жамгырга ылайыкташтыруу керек жолдорду",- деди ал.
Депутат акыркы жаан Бишкектин абалын көрсөткөнүн айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















