super.kg logo

Афрейм үйлөр, ресторандар... Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы кандай өзгөрөт? (видео)

 
Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы алдынкы жылдары эң белгилүү туристтик жайга айланат. Афрейм үйлөр, ресторандар, сейилдеп жүрчү жолдор куруларын президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал белгилегендей, бүгүн, 13-майда ал жерге президент Садыр Жапаров барды.
"Суу сактагыч 1965-жылы курулган, толгон кезде суу токойду басып калат. Мына ошонусу менен кызыктуу, учурда бактарга уялаган ар кандай канаттуулар балапан чыгарып учурган мезгили. Март айынан июндун ортосуна чейин туристтердин көңүлүн буруп, кошуна мамлекеттерден бери келип сүрөткө түшүп кетишет. Буга чейин жеке адамдар тейлөө кызматтарын көрсөтүп, жетиштүү деңгээлде шарты жок болчу. Бүгүн президентибиз Садыр Нургожоевич өзү келип көрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга элге жана туристтерге шарт түзүп, көркүнө келтиргиле деген тапшырма берди",- деди Орунбеков.





Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы кандай өзгөрөт?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.05.2026. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: