super.kg logo

Садыр Жапаров Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Мартин Шлегель менен жолугушту

 

Бүгүн, 21-майда президент Садыр Жапаров Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Мартин Шлегель менен жолугушту. Чолпон-Ата шаарында өткөн жолугушууда Кыргызстан менен Швейцариянын борбордук банктарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар техникалык кызматташуу, эксперттик тажрыйба алмашуу жана финансылык-банктык тармакка эл аралык алдыңкы стандарттарды киргизүү боюнча пикир алышты.

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын институционалдык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү жана адистердин квалификациясын жогорулатуу мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Ал Швейцариянын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү экенин айтып, эки өлкөнүн каржы мекемелеринин ортосундагы практикалык кызматташтыкты мындан ары да күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууда эл аралык резервдерди башкаруу маселесине да өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде Мартин Шлегель Кыргызстанга болгон алгачкы сапарына кубанычта экенин айтып, эки өлкөнүн борбордук банктарынын кызматташтыгын жогору баалады. Ал 1990-жылдары Швейцариянын Улуттук банкы кыргыз сомун киргизүүдө кеңеш берүүчү колдоо көрсөткөнүн эске салып, бүгүнкү күндө сом аймактагы эң туруктуу валюталардын бири экенин белгиледи.

Мындан тышкары ал Кыргызстандын экономикалык өсүшү Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири экенин айтып, техникалык өнөктөштүктү улантууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Мартин Шлегель Ысык-Көлдүн жаратылышынын кооздугуна жана тоолуу пейзаждарына суктанганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: