super.kg logo

"Кудайдан коркпойлубу?". Губернатор ноокаттыктарга таарынычын айтты

 

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Ноокат шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда жаңы салынган жолго жасалган мамилелерге таарынычын айтты.

Ал элдин өтүнүчү менен жол кеңейтилгенин белгилеп, эми кайра эл тараптан терс иш-аракеттер болуп жатканына өкүнүч билдирди.

"Жолубуз жаман, тыгын болуп жатат" деп эл көтөрүлдү эле. Анан жолуңарды 4 тилкелүү кылып салдык. Эми эмне кылып жатасыңар? 2 тилкесине унааңарды коюп, токтомо жай кылып алдыңар. Биз ал жол менен унаа жүрсүн деп салбадык беле. Эл-журт силер деле мыйзамды, өзүңөрдү сыйлабайсыңарбы! 4 тилке болгону менен баягы эле 2 тилке иштеп жатат.

Кичине Кудайдан да коркпойлубу? Анан кайра эле бири-бирибизди жамандап, ызы-чуу болуп жатабыз. Мамлекет жолго миллиарддаган сом короткон",- деди губернатор.






"Кичине Кудайдан да коркпойлубу?" Губернатор Ноокаттыктарга таарынычын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.05.2026. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык,анан ошончо унааны кайда токтотуу керек.Шаарларда жол кенейтилди,бирок унаа токтотконго жай жок. Бардык эле шаарларда окшош эле.Жолду четине чейин асфальт тошоп жатасынар,анан чети жоо жургунчулор жолу,анан эле турак жай.Ошо жолдун четин да таксилер ээлеп алган.Жеке унааны бир жерге токтоткучан кирчу эшигинден алда канча отушуно туура келет,же кире албай кайтасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: