Губернатордун ачуусу - элдин кол чабуусу... Жыйында 2 аткаминер сөгүш алды
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Ноокат районунун акиминин орун басары менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына сөгүш жарыялады.
Кенжебаев Кара-Таш айыл аймагынын тургундары менен болгон жолугушууда электр кубатын өткөрүүчү зым тартылбай жатканы айтылды. Буга ачууланган губернатор өзүнүн биринчи орун басарын зекип, 2 аткаминердин кызмат орду караштырылышы мүмкүндүгүн айтты.
"Эмне үчүн кылбайсыңар, эмнеге бири-бириңерге шылтайсыңар? Экөөңөр бир эле бийлик бутагысыңар. Сен дагы, бул дагы элдин кызматын кылат. Мен дагы элдин кызматын кылам. Анан эмне үчүн бири-бирибизге шылтоо айтып отурабыз. Урматтуу биринчи орун басар (ред.: губернатордун) эмнени карап отурасыз? Энергетика тармагы сиздин көзөмөлүңүздө",- деди Кенжебаев.
Губернатор көйгөй бир айда чечилбесе акимдин орун басары менен айыл өкмөт башчысы кызматтан алынарын убада кылды. Жыйынга катышып отургандар кол чабышты.
Оштун губернатору 2 аткаменге сөгүш жарыялады
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















