super.kg logo
  Саясат  

"Кадырына жете билели". Садыр Жапаров Энелер күнү менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады.

Өлкө башчысы энелердин эмгегин, коомдогу ордун белгилеп, апаларды кадырлоого чакырды.

"Кыргыз элинде байыртадан эле айтылып келе жаткан «Эне – үйдүн куту» деген сөз – көчмөн элибиздин турмушунан, дүйнө таанымынан жана кылымдар бою калыбын бузбай, таасирин жазбай сакталып келе жаткан нарк-насилинен келип чыккан уңгулуу түшүнүк. Чындыгында эле, эне – өмүрдүн башаты, үй-бүлөнүн жүрөгү, тарбиянын тунгуч булагы!

Тээ байыркы жоокерчилик заман болобу, же бүгүнкү цивилизациялуу турмуш болобу үй-бүлөнү камкордукка бөлөөгө аталар жооптуу болсо, үйдүн берекесин сактап, балдарды тарбиялап, улуттун учугун улоо энеге жүктөлгөн. Жарык дүйнөгө келген ар бир бала алгач эненин үнүн угат, анын мээримин туят, дүйнөнү ал аркылуу тааныйт. Эне тилин, адеп-ахлакты, улууну урматтоону, кичүүнү ызааттоону, боорукерликти жана адамгерчиликти энеден үйрөнөт.

Кыргыз энелери балдарын намыска сугарып, эл-жер, Мекен деген ыйык сезимдерге чөмүлтүп, эң башкысы, ата-бабалардан калган нарк-насилди боюна сиңирүү менен тарбия беришкен.

Энелерибиз таасын тарбия көргөн бала эртең эл эгеси, журт багары болорун эң жакшы түшүнүшкөн. Карт тарыхыбызда нечен-нечен эл баккан, журт кадырлаган эр-азаматтардын баатырдыгы, даанышмандыгы, чечендиги, жөн билгилиги аталар менен кошо энелер аркылуу да өткөндүгү тууралуу бир топ окуялар бүгүнкү күнгө чейин уламыш кепке айланып, айтылып келет.

Бүгүнкү күндө кыргыз энелери уул-кыздарды тарбиялап гана тим болбостон, билим берүүдө, саламаттык сактоодо, илимде, маданиятта, ишкердикте жана мамлекеттик кызматта ийгиликтүү эмгектенип, коомубуздун таянычына айланган.

Ошондуктан кыргыз коомчулугу энени жөн гана бала төрөгөн аял эмес, үйдүн куту, тарбиянын башаты жана улуттун келечегин калыптандыруучу аты улук аялзаты катары жогору баалашат.

Ата-бабаларыбыздын жолун улап, эне болуу бактысына эгедер айымдардын баарын урматтап, кадырына жете билели", - деп айтылат куттуктоодо.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: