Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды (видео)
Кечээ, 17-майда президент Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапарынын жүрүшүндө президент Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясынын ишине катышат.
"Кыргызстандын форумга катышуусу өлкөнүн туруктуу инфраструктура, “жашыл” энергетика жана экологияга багытталган шаарларды өнүктүрүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкка умтулуусун айгинелейт. Өлкө ошондой эле ыңгайлуу жана коопсуз шаардык мейкиндиктерди түзүү үчүн тажрыйба алмашууга жана эл аралык мыкты практикаларды ишке киргизүүгө даяр экенин көрсөтүүдө",- деп белгиленди маалыматта.
Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















