Талас дарыясына агып кеткен жарандын сөөгү табылды
Талас облусундагы Талас дарыясына агып кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-майда 30 жаштагы жаран жолугушууга чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Аталган жарандын дарыяга түшүп кетиши мүмкүн деген маалымат ӨКМге 14-май күнү түшүп, ошол күндөн тарта издөө иштери башталган.
Жүргүзүлгөн издөө иштеринин жыйынтыгында кечээ, 17-майда дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылып, тиешелүү кызматкерлерге өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2026-07-31
13:28
2026-07-31
11:25
2026-07-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















