super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров согуштарга сарпталган каражаттар башкага жумшалганда эмне болмоктугун айтты

 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанды Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө кылып шайлоонун алдында колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен башка өлкөлөрдүн лидерлерине кайрылды.

Мамлекет башчы өз кайрылуусунда дүйнөдө болуп жатканы согуштарга дагы токтолду.

"Бүгүнкү күндө дүйнөдө геосаясий атаандаштык күчөп, эл аралык укуктун универсалдуулугу алсырап, чыр-чатактардын келип чыгуу коркунучу күндөн күнгө өсүүдө. Учурдагы геосаясий динамика бул баамдоону тастыктап турат. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы, анын ичинде Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы куралдуу кагылышуулар эл аралык системди өз сыноосунан өткөрүүнү улантууда.

Дүйнөдөгү болуп жаткан аскерий чыр-чатактарга үч триллиондон ашык доллар сарпталууда. Бул өлчөмдөгү каражаттар бүткүл адамзатка татыктуу жашоону камсыз кыла алмак. Эгерде бул чыгымдар планетаны жашылдандырууга жана айрым өлкөлөрдөгү ачарчылыкты жоюуга сарпталса, анда планетабыз гүлдөгөн бакчага айланмак.

Мындай шарттарда БУУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешинин курамында инклюзивдик жана адилеттүү өкүлчүлүгүнүн болушу, ошондой эле бул Кеңештин бүткүл эл аралык коомчулуктун атынан чечим кабыл алуучу орган катары өзүнүн легитимдүүлүгүн сактап калуу жөндөмдүүлүгү биринчи планга чыгууда", - деп жазды өлкө башчы социалдык тармактагы баракчасына.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: