Депутат Бишкекте абанын кирдигинен жарандар ооруп жатканын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Канттагы цемент заводунан чыккан түтүн Бишкек менен Чүйдүн жашоочуларынын ден соолугуна таасир этип жатканын айтты.
"Мамлекет жарандар үчүн таза аба менен дем алуусун камсыз кылыш керек. Бул жаатта иштер жакшы жүрбөй жатат. Шаарда басып жүргөндө билинбейт, бирок тоого чыгып карасаңар калааны түтүн каптап турат. Цемент заводдон чыккан түтүн жай мезгилинде дагы Чүйдүн жарымын, Бишкектин жарымынан көбүн каптап жатат.
Ошол себептен балдар, жарандар ооруп жатышат. Аны биз байкабай жатабыз", - деди эл өкүлү парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында.
Жаратылыш министринин орун басары Асел Раимкулова бул боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Мавлянова буга макул эместигин билдирип, чогуу тоого чыгып көз салууну сунуштады.
Депутат Бишкекте абанын кирдигинен жарандар ооруп жатканын айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















