Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакиров акталды
Жогорку Сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировдун иши боюнча чечим чыгарып, аны актады.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, депутатка карата козголгон кылмыш ишинде кылмыштын курамы жок деп табылды. Ушуга байланыштуу иш Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кыскартылды.
2023-жылы Бакировду Ноокат райондук соту 2021-жылкы шайлоодо добуш сатып алган деген айып менен күнөөлүү кылып, 200 миң сом айып пул салган. Ал чечимди Ош облустук соту 2024-жылы күчүндө калтырган.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Бакиров 2022-жылы парламентте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен. Көп узабай Бакиров Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылып, кийин депутаттык мандатынан ажыратылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















