Садыр Жапаров Маврикийдин президенти менен жолугушту
Бүгүн, 18-майда өлкө башчы Садыр Жапаров Баку шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясынын алкагында Маврикийдин президенти Дхарамбир Гокхул менен жолугушуу өткөрдү.
Мамлекет башчысынын администрациясы маалымдагандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтык маселелерин, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча, анын ичинде санариптештирүү жана каржы сектору чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү келечегин талкуулашкан.
Садыр Жапаров Кыргызстандын Африка өлкөлөрү менен, анын ичинде Маврикий менен эки тараптуу жана көп жактуу форматта кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгилеген. Өлкө башчы февраль айында Кыргызстан Африка бирлигинде байкоочу макамын алганын айтып өткөн.
Өз кезегинде Дхарамбир Гокхул эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин билдирген. Ал эл аралык аренада чакан мамлекеттердин ортосундагы өз ара колдоо негизги маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн өзгөчө маанилүү экенин баса белгилеген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















