Турак жайды камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору парламент комитетинде колдоо тапты
Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында турак жайларды табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууга байланышкан мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.
Мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.
Анын максаты - камсыздандыруу системинин финансылык туруктуулугун жогорулатуу жана жарандардын корголушун күчөтүү. Мыйзам камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында жана кепилденген тартипте төлөөнү камсыз кылууга багытталат.
Талкуу маалында депутаттар Таалайбек Сарыбашов, Уланбек Жаанбаев камсыздандыруу учуру келгенде төлөмдөрдү берүү мөөнөтү, ошондой эле кенемтенин өлчөмүнө кызыгышты.
Баяндамачы экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова белгилегендей, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн максималдуу суммасы шаар үчүн 1 миллион сом, айыл жергеси үчүн 500 миң сомду түзөт. Ал эми төлөө мөөнөтү бир айга чейин деп белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















