Жээнбек Кулубаев Мозамбиктин президенти менен жолугушту
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мозамбик Республикасынын президенти Даниэл Франсишку Шапу менен жолугушту.
19-майдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-мозамбик мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.
ТИМ башчысы Африка континентиндеги мамлекеттер менен саясий диалогду кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, Мозамбик Кыргыз өлкөсү үчүн Түштүк Африка аймагындагы келечектүү өнөктөш катары өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
Мекеме кабарлагандай, тараптар саясий диалогду мындан ары чыңдоого, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















