Жол чарба департаментине жаңы директор дайындалды
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору болуп Уланбек Султанов дайындалды.Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Өмүр баяны:
- Адылбек Султанов 1982-жылы, 18-ноябрда туулган;
- 2000-2005-жылдары Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин "Автомобиль жолдору жана аэродромдор" бөлүмүндө байланыш жолдорунун инженери адистиги боюнча окуган;
- 2019-жылы ушул эле окуу жайга “Автомобиль жолдорун, метрополитендерди, аэродромдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди долбоорлоо жана куруу” адистиги боюнча аспирантурага тапшырган;
- Эмгек жолун 2006-жылы Трнаспорт министрлигинин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунан баштаган;
- Жол инженери багытында мамлекеттик бир нече квалификациялык сертификаттардын, сыйлыктардын жана грамоталардын ээси.
Султанов 2022-жылдан бери министрликтин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунун башкы директорунун орун басары кызматын аркалап келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















