"Бензин баасы 100 сомго жетип калды". Депутат өкмөттү кымбатчылыктын алдын алууга чакырды
Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков аткаруу бийлигин кымбатчылыктын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырды.
Эл өкүлү дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам күйүүчү майдын баасы кымбаттап жатканын, мунун кесепети азык-түлүктүн наркына да таасир этерин айтты. Андыктан өлкө азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздоо деңгээлине чыгышы керек деп эсептейт.
"Күйүүчү майдын баасы 100 сомго жетейин деп калды. Өкмөт башчы азык-түлүктүн баасы көтөрүлөт дегендей айтты. Муну алдын алуучу кандай иштер жүрүп жатат? Бензин биздин өнөктөштөрүбүздөн көз каранды экен. Бирок аткаруу бийлиги бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, туруктуу абалды түзүү керек",- деди Чойбеков.
Депутат өкмөттү кымбатчылыкты алдын алууга чакырды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















