super.kg logo
  Саясат  

"Өзүбүздө өндүрүлгөн картошканы таппайсың". Депутат ата мекендик өндүрүштү колдоого чакырды

 

Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков ата мекендик өндүрүштү колдоого алууга чакырды. Айтымында, учурда базарларда, дүкөндөрдө жергиликтүү дыйкандар өндүргөн картошканы табуу кыйын болууда.

"Азык-түлүк маселебизди өзүбүз карасак. Себеби азыр базарларга, дүкөндөргө кирсеңер картошканын түрү бар. Коңшу жана алыскы чет өлкөдөн алынып келүүдө. Өзүбүздүн дыйкандар өндүргөн картошканы таппайсың. Башка дагы айыл чарба азыктары жок болуп жатат. Өзүбүздү ата мекендик азыктар менен камсыздай албасак кыйын болот. Бул багытта иш алып баруу зарыл",- деди депутат.






Депутат азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого чакырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: