МИК Караколдо суу каптаган үйлөр боюнча түшүндүрмө берди (видео)
Мамлекеттик ипотекалык компания Караколдо жаандан кийин суу каптаган көп кабаттуу үйлөр боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматта анын негизги себептеринин бири деп агын суу түтүктөрүнүн тиричилик таштандыларына толуп калгандыгы белгиленди. Түтүк бүтөлүп, ага топтолгон суу чатырга жайыла баштаган. Басым күчөгөндүктөн, суу агымы тескери багытка жылып, чатыр аркылуу айрым батирлерди каптаган. Суунун бир бөлүгү жер төлөгө да өткөнү айтылды.
Компания белгилегендей, бул көйгөй МИКтин объекттерине гана эмес, башка имараттарга да таасир эткен.
МИК учурда суу каптоонун кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын билдирип, жабыркаган батирлерди калыбына келтирип берерин кошумчалады.
МИК Караколдо суу каптаган үйлөр боюнча түшүндүрмө берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















